“Борбор шаардын биринчи ооруканасы ысыккөлдүктөргө тийиштүү, ал эми №3-, 4-, 6- жана Чүй облустук ооруканасын Таластын өкүлдөрү башкарат. Алар 20 жылдан бери ошол жерде отурушат. Адам ылгап, өздөрүнүн жердештерин гана жумушка алышат. Бардык иш ушинтип жердешчиликке такалып атса, анан кантип биз жаш окумуштууларды чыгарабыз? – деп, депутат Саламаттыктыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылды.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чындыгында эле кыргыз медицинасында трайбализм оорусу бар экендигин мойнуна алып: “Ырас, трайбализм проблемасы бар. Ошон үчүн азыр биз конкурстук негизде гана жумушка кабыл алып атабыз. Бирок, профессорлор менен иштөө оор. Аларды жумуштан алсаң эле, соттошуп жатып алышат” деп жооп кайтарды.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ