Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде дагы 11 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Алар:
– Бишкек шаарынан – 2;
– Чүй облусунан – 1;
– Ош шаарынан – 7;
– Нарын облусунан – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 389ду түздү. Алардын ичинен 273 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ