15-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” ресторанынын жанында мушташ чыкканын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кечээ, 19-октябрда билдирди.
Чакыруу укук коргоо органдарына түшөөрү менен кайгуул милиция кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Чыр белгисиз жарандардын ортосунда чыккандыгы аныкталды. Мушташ болгон жерде элдик кошуундар дагы болгон.
Ошол эле түнү Я.В. Улуттук госпиталга кайрылган. Ал бир нече жеринен жаракат алган. Жабырлануучу милицияга арыз жазган эмес.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ