Menu

“Йакын инкар” Казакстанда экстремисттик уюм деп табылды

Бөлүшүү:

Астананын Есиль райондук сотунун 10-октябрдагы чечиминин негизинде «Йакын инкар» Казакстанда экстремисттик уюм деп табылды. Астана шаарынын прокуратурасы өз ыйгарым укугунан пайдаланып аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Бул тууралуу маалымат Казакстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына чыкты.

Соттун чечимине ылайык, «инкарчылардын» адабияттарын, ар кандай материалдарын социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга жана көтөрүп жүрүүгө тыюу салынат. Башкы прокуратура соттун чечиминен кийин «Йакын инкар» уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Казакстандын Башкы прокуратурасы «Йакын инкар» өлкөдө экстремисттик деп тыюу салынган «Таблиги жаамат» уюмунун бир канаты деп эсептейт. Буга чейин Казакстанда «Йакын инкар» уюмунун бир мүчөсү экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн соттолгон. 2017-жылдын 15-июнунда бишкектин Октябрь райондук соту “Йакыр инкар” агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Анын тарапкерлери «балдар менен кыздарды мектепте оөлуп окутуу зарыл, телефон, телевизор колдонбош керек» деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

«Йакын инкар» уюму «Таблиги жамааттан» бөлүнүп чыкканы белгилүү. «Таблиги жамаатка» Казакстан, Өзбекстан жана Орусия тыюу салган. Бирок Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: