15-21-октябрга чейинки убакыт ичинде Жол кыймылынын коопсуздук кызматы маалымдагандай Чүй облусу боюнча 4 549 жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган.
Алардын ичинен 26 айдоочу унааны алкоголдук мас абалында башкарган
47 айдоочу керектүү документсиз рулда отурган
899 айдоочу ылдамдыкты чектен ашып унаа башкарган
7 айдоочунун унаасынын терезелери караңгылатылган
102 унаа айып токтотулуучу жайга жеткирилген
Жол кыймылынын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырууда
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ