Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду сотко берет. Бул тууралуу Бакыт Шаршембиевдин өкүлдөрү маалымдашты. Арыз сотко бүгүн, 23-октябрда берилет.
Жакында эле бир катар ата мекендик басылмалар жазып чыккандай, депутат Рыскелди Момбков Бакыт Шаршембиевди 8 кылмыш ишинде фигурант деп билдирген, акыркынын сотко арыз менен кайрылуусунун себеби ушунда.
“Аталган публикацияларда Рыскелди Момбеков аркылуу тараган чындыкка жатпаган, Бакыт Шаршембиевге жалаа жапкан маалыматтар жазылган. Буга байланыштуу Бакыт Шаршембиев өзүнүн бузулган укуктарын коргоо максатында сотко кайрылууга аргасыз, анткени сот аркылуу гана укуктарды коргоо ар бир жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндигин сактоого кепилдик берет,”- деп жазылган доо арызда.
Жактоочулар Бакыт Шаршембиевге Рыскелди Момбеков тарабынан айтылган жалган маалыматтарды чындыкка жатпастыгын далидөөнү жана ошондой эле сот чечими чыкканга чейин депутат Рыскелди Момбеков айткан сөздөрүнөн баш тартуусун өтүнүүдө.
Андан сырткары, Шаршембиевдин жактоочулары моралдык компенсация катары Рыскелди Момбековдон 1 миллион сом талап кылууда.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ