Өткөн жумада Ташкенттеги «Аурум 898» түнкү клубунун кире беришинде эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорттун чебери Жамшид Кенжаев өлтүрүлгөндөн кийин Шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери борбордогу көңүл ачуу жайларында рейддерди өткөрүштү.
«Жайкы бакча» жана «Вачач» түнкү клубдарындагы видеокөзөмөл камераларына тартылган тасмалардан ШИИБ кызматкерлери адамдарды полго жаткырып, таяктар менен уруп, тепкилеп, андагы эмеректерди талкалап жаткандыктарын көрүүгө болот. Бул тасмалар социалдык түйүндөргө жайгаштырылган.
«Жайкы бакчанын» менеджери «Азаттыктын» өзбек кызматына берген маегинде 14-августтагы рейд маалында күч түзүм кызматкерлери клубдун күзөтчүсүн, официантын жана диджейин сабаганын билдирди.
Аталган түнкү клубда иштеген диджей «Шоха» укук коргоо органдары сабагандан кийин кыймылдай албай калганын билдирди.
14-августтагы рейд маалында шаардагы «Вачач» деп аталган түнкү клубдун кызматкери дагы катуу сабалган.
Шаардык милиция рейд учурунда тартылган социалдык түйүндөрдөгү тасмалар боюнча комментарий бере элек.
9-августка оогон түнү Ташкенттеги «Аурум 898» түнкү клубунун кире беришинде күзөтчүлөр тарабынан ММА боюнча Өзбекстандын чемпиону Жамшид Кенжаев өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча шектүү катары клубдун үч күзөт кызматкери кармалган.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ