Menu

Качкынбай Кадыркулов: “Постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да Талгарбековдой айыл чарба реформатору чыкпады”

Бөлүшүү:

Белгилүү мамлекеттик ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков агабыз 65 жашта. Анын басып өткөн жолу, ашкан дабандары, элге сиңген эмгеги тууралуу айтып, элге таанымал инсандарыбыз куттуктоолорун жолдошту.

– Менин бүт өмүрүм айыл чарбасына байланыштуу. Илимдин кандидатымын, азыр фермермин. Өткөн кылымдын 90-жылдары СССРдин абалы өтө начарлап, кыргыз эли ачарчылык алдында калган. Азык-түлүккө талон киргизилген. Айрым жерлерде айыл калкы картошка, улпак жем жеп калышкан. Буга окшогон апаатты экинчи дүйнөлүк согушта блокадада калган Ленинградда болгон деп укчубуз. Мындай каатчылыктын башкы себеби – коомдук менчикке негизделген чарба жүргүзүү болчу. «Жетөө кашык-табак менен, экөө орок-балка менен» өндүрүш ыкмасы туңгуюкка кептелген. Союз маалындагы Ала-Тоодогу беш жүздөн ашык колхоз-совхоздордогу ашкере ысырапкорчулук, жалган отчеттор акыры өз «жемишин» берген. Чак түштө эле чарбаларга бөлүнгөн солярка, жер семирткичтерди аңгектерге төгүп салуу, жердин аркы бетиндеги Канададан Караколго малга жем ташып келүү, баладан башкармага чейин коомдук чарбанын мүлкүн жапатырмак уурдоо сыяктуу көнүмүш алешемдер СССРдин түбүнө жетти. Балээ баспай, жоо чаппай эле ири держава кулады.

Мен айыл чарба адиси катары бир-эки мисал келтирейин. СССР кезинде Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 млрд. рубль дотация (кайтарылгыс акча жана каражат) берилип турчу. Ал эми 1992-жыл (эгемен Кыргызстан) көрсөткөндөй, республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд. рубль экен, б.а. союздун биздин колхоз-совхоздорго берип турчу дотациясы өзүбүздүн жалпы кирешебизден үч эсе көп болгон. Эми элестетели, эгер бизде агрардык реформа болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд. сом дотация берип туруш керек эле! (2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 148 млрд. сом). Учурда кыргыздын эркин дыйкандары бир сом дотация албайт эмеспи! Экинчи мисал. 90-жылдары бир баш койдун базар баасы орточо бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздордо бакканга кеткен чыгым төрт миң рубль болгон.

Ошондой абалды түшүнгөн адам барбы? Болбой эле жер тепкилеп, айрымдардын «Талгарбеков колхоз-совхоздорду талкалаган» дегендерине таң каласың. Эмне, колхоз-совхоз айнекпи, «талкалап» салгандай? Тескерисинче, Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасы кыргыз элин ошондогу апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхий өзгөрүүлөрдүн башында Бекболот Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да реформатор болбоду.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: