Алматы шаарынын Зердели кичи районундагы бир тарапка жантайып калган үйдүн тургундары убактылуу башка жерге көчүрүлөт. Бул тууралуу калаа башчысы Бакытжан Сагинтаев 14-декабрда тургундар менен жолуккан маалда билдирди.
— Силерди башка жерге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Убактылуу турак-жай үчүн бөлүнгөн акча жакында райондук акимчиликтин эсебине которулат. Эгер экспертиза үйдү авариялык абалда деп тапса, ал түрттүрүлүп, силерге башка батирлер берилет, — деди Сагинтаев.
Өткөн аптада Зердели кичи районундагы №179 үйдүн тургундары имарат бир тарапты көздөй ооп калганын билдиришкен. 14-декабрдагы жыйында алар жергиликтүү бийликтен көп кабаттуу үйдү авариялык деп таанып, турак-жай маселелерин чечип берүүнү талап кылышкан.
Казакстандын курулуш жана архитектура илим-изилдөө институтунун маалыматына караганда, имарат бир капталга 7,5 сантиметрге жантайып калган. Аны адам жашоого мүмкүн эмес деп табуу үчүн кеминде сегиз сантиметрге жантайган болушу керек.
Зердели кичи районундагы 72 батирлүү үй 2013-жылы «Жеткиликтүү турак-жай» программасынын алкагында курулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ