Menu

КР Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын документтерин РФ ТИМ МГИМОго (У) кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (КР ТИМ)  2020-2021-окуу жылдарына карата Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2020-жылдын 12-июнунан тартып 2020-жылдын 10-июлуна чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат (Тиркеме).

МГИМОго КР ТИМ сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен  КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот

Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт – www.dipacademy.kg

Байланышуу тел: 0(312) 62 11 40

Тиркеме

 

БАКАЛАВРИАТ
Факультет Багыт ЖРТ Орундардын саны
1. Эл аралык мамилелер Эл аралык мамилелер Негизги тест, тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести 2
2. Эл аралык экономикалык мамилелер Экономика Негизги тест, чет тил жана математика боюнча предметтик ЖРТ тести 2
3. Эл аралык – укуктук Юриспруденция Негизги тест, тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести 1
4. Эл аралык журналистика Журналистика Негизги тест, тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести 1
Жалпы 6

 

МАГИСТРАТУРА
Багыт Орундардын саны
1 Эл аралык мамилелер 2
2 Экономика 1
3 Юриспруденция 1
Жалпы 4

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: