Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Өкмөт атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтү атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат. Аталган иш 2019-жылы башталган жана үстүбүздөгү жылы өз жыйынтыгын берет. Бул тууралуу КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «КРнын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «КРнын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал белгилегендей, 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 34,4 млрд сомдук сынактар ийгиликтүү өттү, анын 42% атамекендик товарлар, жумуштар жана тейлөөлөр түзөт.

«Ошол эле учурда ата мекендик товарлар 36,3% ды түзсө, 2018-жылы бул көрсөткүч 13,7% ды гана түзгөн. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо саясаты товарларды ташып келүү, аларды өндүрүү же импорттоо учурунан баштап, акыркы керектөөчүгө чейин сатууга мүмкүндүк берет жана өлкөдөгү товарлардын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартат», – деп кошумчалады Артем Новиков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: