Menu

Аида Касымалиева, вице-спикер: “Кудайбердиева моралдык жоопкерчиликти сезип, кызматтан өзү кетиши зарыл”

Бөлүшүү:

Катадан башы чыкпай, көптөн бери сынга алынып келаткан билим берүү жана илим министрлиги дагы «чалынды». 24-июнь күнү республика боюнча бүтүрүүчүлөргө ката басылып чыккан аттестаттарды тапшырды. Жакында эле Дүйнөлүк банк бөлүп берген 16,5 миллион долларга жараксыз китептерди басып чыгарып, анысынан башкы прокуратура мыйзам бузуу тапканда, министр Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине ачуу сындар айтылган. Ага удаа Путинди коштоп, Россиядан келген окумуштуулар менен чогуу өткөн форумда арткы баннерди ката жазып илишип, Кыргызстанды уят кылган. Бирок, министр Кудайбердиева жоопкерчиликти моюнга алуудан качып, «техникалык ката, эки ката эч нерсе болбойт» дегени коомчулукта азыркыга чейин шакабага алынып келет. Анткен менен министр айымдын эч ким «мышыгын пыш» дей албайт экени, аны кызматтан ала албай, канча мыйзамсыз иштери болсо да, көз жумуп келишинин сыры бар экени айтылып келет. Бирок, ал кандай сыр, эч ким билбейт. «Кудайбердиева кызматтан кетсин», «мыйзамсыз иштери үчүн жоопко тартылсын» дешкендер кечээки кезектеги дагы бир катасынан кийин кайра күчөй баштады.

– Аида айым, 11-класстын 65 миң, 9-класстын 96 миң бүтүрүүчүлөрүнө ката менен жазылган аттестаттар тапшырылышы коомчулукта чоң талкууга түшүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин бул биринчи катасы эмес. Министр Кудайбердиеванын кызматтык жоопкерчилигин кароого, ишин координациялоого өкмөттүн күчү жетпейби?

– Туура, бул ката билим берүү жана илим министрлигинин биринчи катасы эмес. Бирок, бул. жолкусу билим берүү жана илим министри Кудайбердиеванын чукул арада кызматтан кетиши зарылдыгын түшүндүрөт. «Боек агып калды» деген жооп бериштин өзү өтө уят нерсе. Системанын чирип-иригендиги оркоюп көрүнүп калды. Министрликте буга чейин деле канчалаган ызы-чуулар болуп келди. Канча маанилүү документтер, китептер ката менен чыгып, жараксыз болду. Ошондо эле чечим кабыл алынышы керек эле. Байма-бай кайталанып жатат. Эмнеге, улам эле кетирилген ката кайталанып, дайыма уят боло беришет, улам эле «биз көрбөй калыппыз, же бул ката деле эмес» деген шылтоолор боло бериши керек? Мен такыр түшүнбөйм.

– Миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн колдорундагы орто билимди аяктагандыгы тууралуу документтери жараксыз болуп калбадыбы. Министрлик ошолорду кайра басып чыгарбай турганын билдирди. Документтердин жараксыздыгына ким жооп берет?

– Аттестат – адамдын тагдырына, келечегине таасир эте турган документ. Анан эми ушул документти да эптеп оң жазып бере албагандык, системанын начардыгы. Документ так жазылышы керек эле. Эмне, балдардын тагдыры ага бир тыйынбы? Ушундай сабатсыздык, болгондо да эл агартуу тармагынан көрүнгөнү күйбөгөн жериңди күл кылат. Албетте, министр жоопкерчиликтин баарын сезе билиши зарыл. Тармактагы реформа, жаңылануу, алдыга жылдыруу, өстүрүү сыяктуу илгери жылыштарды жетекчи аркалайт. Министр Гүлмира Кудайбердиева баарын тескери кылды. Анын ишине баары тойду. Коомчулуктун, баардык тараптардын чыдамы түгөндү. Бул акыркы чеги. Бул жолу кызматтан алынып, же өзү моралдык жоопкерчиликти сезип кетпесе болбойт. Система оңолушу керек го акыры.

– Кудайбердиеванын колдоочусу бар экени, анын кызматган кетпей жатышынын себеби да ошол экени айтылып келет…

– Анын колдоочусу ким экенин билбейм. Бирок, буга чейин кесиптешим Евгения Строкова анын ишин Жогорку Кеңеште бир нече жолу сындап келди. А мен өзүм да, чынында Кудайбердиеванын кесипкөйлүгүнө ичим жылыбаса да, ага «мүмкүнчүлүк берели» деп келаттым. Бирок, акыркы учурлардагы каталары, сабатсыздыгы системалуу болуп жатат. Мен вице-спикер катары социалдык тармак менен иштешем. Ар кандай тегерек столдор, ишке ашыра турган ар кандай пландарды ортого салганда да, билим берүү жана илим министрлигинин аракетин эч көрбөйм. Ишке кызыкдар экенин сезбейм дагы. Болбосо, дал ушул министрликтен көп нерсе, балдардын билими, жаш муундун, келечектин эртеңи, пайдубалы көз каранды.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: