Menu

«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын өлкөдөгү абал боюнча шашылыш билдирүүсү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, эң ири оппозициялык парламенттик фракциянын лидери жана президенттик шайлоодо 600 миңдей шайлоочулардын добуштарына ээ болгон эң негизги атаандаш Өмүрбек Токтогулович Бабановго каршы козголгон кылмыш иши өлкөбүздү оор саясий абалга алып келди.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Бабановдун Амир-Тимур (Он-Адыр) микрорайонунда сүйлөгөн сөзүндө мыйзамга каршы эч нерсе айтылбаганын «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары дагы бир ирет ырастайт. Көз карандысыз лингвисттердин жана эксперттердин көз карашында, Өмүрбек Бабановдун айтылган сөздөрүндө кылмыш ишти козгоого негиз жок.

Тескеринче, Өмүрбек Бабанов элди достук менен биримдикке, ал эми укук коргоо органдарын мыйзам негизинде иш алып баруусуна чакырган. Өмүрбек Бабановго каршы саясий себептердин негизинде козголгон кылмыш иши саясий атаандаштыктын жана плюрализм принциптеринин ишке ашырылышына тоскоолдук жаратууда.

Өлкөбүздө алгачкы жолу шайлоонун жыйынтыгында жаңы президент келип жаткан маалда, бийлик бүткүл дүйнөгө жана жарандарыбызга саясий эркиндиктин баркы терең экендигин далилдөө керек учурунда укук коргоо органдарынын бейкалыс иш-аракеттери Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө чоң залакасын тийгизип, соттун акыйкаттыгына ишенбестиктиктин жалпы деңгээлин жогорулатат. «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары укук коргоо органдарын жана Башкы прокуратураны бул ишти калыс жана кылдат кароого чакырат.

Бийлик органдарынын өкүлдөрү мыйзамды бузбай, тескеринче мыйзамдын сакталышын жана анын так аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

«Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын депутаттары

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: