Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди жана кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө, тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымдары үчүн ар тармактын өкүлдөрү КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Алар: экономик илимдеринин доктору,профессор Айылчы Сарыбаев, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универстетинин Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Күкүн Назарбекова жана белгилүү акын Нурлан Калыбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ