Бүгүн, 29-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 522 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 110, Ош шаарынан – 33, Чүй облусунан – 58, Ош облусунан – 75, Талас облусунан – 26, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 37, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 90 катталган.
Муну менен жалпысынан 57 798 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 460 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 49 097ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 91, Ош шаары – 37, Чүй облусу – 41, Ош облусу – 82, Талас облусу – 18, Ысык-Көл облусу – 29, Жалал-Абад облусу – 90, Баткен облусу – 67, Нарын облусу – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Баткен облусунан 1 адам каза болду. Жалпы саны 1139га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ