Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жубайы Анна Акопян Тоолуу Карабахка барып “мекендин чек араларын коргойм” деп жарыялады. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ал жана башка 12 аял жакынкы бир нече күндүн ичинде аскердик даярдыктан өтүшөт, андан кийин отряд Карабахка жөнөйт.
“Бир нече күндөн кийин биз чек араларыбызды коргоодо жардамга келебиз. Ата-Мекенибизди жана кадыр-баркыбызды душманга алдырбашыбыз керек”, – деп жазган ал.
Бир нече жума мурун Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жалгыз уулу Ашот Пашинян ыктыярчылар менен бирге Карабахка чыр-чатак болгон аймактын алдыңкы сабына кеткени кабарланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ