Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык стационардык жатак үйүндө тарбияланып жаткан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Жаңы-жылдык балаты майрамы уюштурулду. Ага Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, бул ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата Жаңы жылдык балаты майрамы жылына уюштурулуп келет. Бул жылы да алардын маанайларын көтөрүү жана майрамдык шаң тартуулоо максатында “Ариет” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.
-Аталган жайда тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген 100 балага шаардык мэрия тарабынан 50 миң сом акча каражаты бөлүнүп, майрамга карата белектер да тапшырылды дейт, – Т.Темирбаев.
Аталган жатак үйүнүн жетекчиси Дамира Алимжанованын айтымында, бул жерде балдар ден-соолугунун абалына жараша беш топто 100 бала тарбияланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ