Menu

Кулматов өзүн “акмын” дейт, Албек өзүн “такмын” дейт…

Бөлүшүү:

Өткөн дүйшөмбү, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов баштаган 13 кишинин кылмыш ишин кароо уланды. Баса, 6-ноябрда соттолуучулардын бири, Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов өзүн начар сезгендиктен «Тез жардам» кызматы чакыртылып, иш кечеңдеген. 11-ноябрдагы отурумда айыпталуучулар Калыс-Ордо конушуна барып, Кытайдын акчасына курулган мектепти жеринен көрүү тууралуу өтүнүч келтиришти, бирок, судья ага уруксат берген жок. Андан кийин айыпталуучулардын адвокаттары Калыс-Ордо конушундагы курулган мектеп боюнча кошумча соттук-бухгалтердик экспертиза жүргүзүүнү сунуш кылышты. Адвокат Нургазы Сыдыков буга чейинки экспертиза объективдүү болбой, айыпталуучуларды күнөөлөгөнгө гана багытталганын айтты. Адвокаттардын мындай өтүнүчүн да ишти караган судья Кубанычбек Касымбеков четке какты.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов ири жемкорлукка шектелип, былтыр жайында камакка алынган. Алар 2014-жылы Бишкек ЖЭБин жаңылоодон өткөргөн кытайлык ТВЕА компаниясы бөлгөн 2 миллион долларга Калыс-Ордо конушуна мектеп курууда мыйзам бузган деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча айыпталуучулар курулушту 12 миллион сомдон ашык каражатка негизсиз түрдө жогорулаткан. Бул иш боюнча 14 адамга айып коюлган. Албек Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. АШАнын доорунда акчаны ченебей ашаган эргулдар күнөөсү жок экенин айтып актанып, касам ичишүүдө. Бирок, соттук процессте күнөөлөр бир чекесинен далилденүүдө. Учурда айыпталгандардын бешөөсү камакта. Булар учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурушат. «Калбырлары» калдырап атса дагы, бири «акмын» деп, «такмын» деп өздөрүн «аппак» кылып көргөзгүсү келген экс-мэрлердин иши кандай өкүм менен аяктарын көрө жаталы…

Нурлан Кыдырмышев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: