25-декабрь күнү Астанада КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугуусунда Жээнбеков Назарбаевге: “Сиз биздин аксакалыбыз болосуз, улуу агабыз болосуз” деп агынан жарылды.
“Мен ушул убакка чейин Кыргызстандын дарегине бир да жаман сөз айта элекмин. Бул туура. Анткени биз келебиз, кетебиз ал эми эки эл калат. Биз эки элдин ынтымагын, достугун сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек”, – деди Нурсултан Назарбаев.
“Сиз биздин аксакалыбыз, улуу агабыз болосуз. Мени Казакстанга чакырганыңыз үчүн мен сизге өтө ыраазымын. Сиз туура айтасыз, бул дүйнөдө бизге сиздерден артык, жакын тууган жок. Бир булактан суу ичебиз, бир жол менен жүрөбүз. Чек арабыз да бир”, – деди Сооронбай Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ