Menu

Өзбекстанда соттолгон журналист Абдуллаевди адвокаттан баш тартууга мажбурлашты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү соттолгон журналист Бобомурод Абдуллаевди адвокаттын кызматтарынан баш тартууга мажбурлашты. Бул тууралуу Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгечи тобунун төрагасы Сурат Икрамов билдирди.

Журналисттин адвокаты Сергей Майоровдун айтымында, 26-декабрда аны атайын кызматтын тергөөчүлөрү чакырышкан. «Тергөөчү жолугушуу Бобомуроддун өтүнүчү боюнча болуп жатканын жана 16-декабрда ал адвокаттын жардамынан баш тарта тургандыгы жөнүндө арыз жазганын айтты. Мен эмнеге арыз 16-декабрда жазылса, мени 26-декабрда чакырып жаткандыктарын сурадым. Буга тергөөчү башка иштерден бошобой жүргөнүн айтты», – деди Майоров.

Адвокаттын айтымында, ал тергөөчүдөн Абдуллаев менен жалгыз калтыруусун талап кылган. Бирок ага мындай мүмкүнчүлүк түзүп беришкен эмес. Тергөөчүлөр ага Бобомурод Абуллаевдин мындан ары мамлекеттик адвокат Шахзод Шариповдун кызматтары менен пайдала тургандыгы жөнүндөгү арызын көрсөтүшкөн.

– Бобомурод бул аракетин анын позициясын Сурат Икрамовго жеткиргендигиме байланыштырды. Ага аны менен болгон алгачкы жолугушуудагы сүйлөшүүм жөнүндө туура эмес баяндалган Икрамовдун макаласын көрсөтүшкөн. Анда Бобомурод «Тынчтык орнотуучуларга жооп» деген макала боюнча гана күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алганы жазылган. Бирок ал чынында Салихтин (Мухаммад Салих – бозгунда жүргөн белгилүү өзбек оппозициячысы, Өзбекстан улуттук кыймылынын төрагасы) талабы боюнча жарыялаган бардык макалалар боюнча күнөөсүн моюнуна алууда», — деди адвокат Майоров.

44 жаштагы ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан быйыл сентябрдын соңунда кармалган. Ага «Бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу максатында кутум уюштуруу» айыбы тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: