Кыргызстандын аймагында 2017-жылы 6 миң 346 жол транспорт кырсыгы катталган. Бул маалыматты 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында бул көрсөткүч 2016-жылдагы кырсыктарга караганда 8,1 пайызга көбөйгөн. 2016-жылы өлкөнүн унаа жолдорунда 5 миң 868 кырсык катталган эле. Жол кырсыктардын кесепетинен 2017-жылЫ 9 миң 568 адам ар кандай деңгээлде жаракат алган. Ал эми 2016-жылы унаа кырсыктардан 8 миң 892 адам жабыркап, салыштырмалуу 7,6 пайызга аз болгон. 2017-жылы жол кырсыктардан 907 адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми 2016-жылы 938 адам көз жумган болчу. 6 миллион эли бар кыргыз калкы үчүн бул чоң жоготуу эмей эмне?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ