Menu

Жогорку Кеңештен кимди көргүңүз келет?

Бөлүшүү:

Кыргызстан атуулдары! Бир орчундуу маселе боюнча кайрылууга аргасыз болуп жатам. Илгери: “депутаттыка апангандар элге акча берип, добушту сатып алып жатышат”, – деп жарандар президент сөрөйгө кайрылышканда, үчүнчү класс мектеп окуучусунун кыялындагы “гениалдуу президент” Аскар Акаев деген: “бергенин ала бергиле, чөнтөгүңөргө сала бергиле, кабинага киргенде андан аркысын өзүңөр билесиңер”,- деп жооп узатпадыбы. Ошондон баштап коррупцияга жол ачылып, Кыргызстанда паракорчулук эбегейсиз бийиктикте гүлдөп, ошол бузуку башкаруунун кесепетинен “Аскарчик” өзү баш болуп, сан жеткис Кыргызстандын атуулдары мекенден качып, дүйнөнүн көрүнгөн жерлеринде бекинип жүрүшсө, канчалагандары түрмөлөрдө күн өткөрүп, көптөрү сот, прокурорлордо тергөөдө жүрүшпөйбү.

Сөздү көбөйтпөй, азыркы Жогорку Кеңешти ала турган болсок, партияга ким акчаны көп таштаса, ошол биринчи болуп депутаттыкка илинди, аз таштагандар депутаттыкты эңсеп жүрүп, илинбей да калышты. Тооба десе, ушундай кантип болсун, жандырмагын айтпасам да бул жол баардыгыңыздарга түшүнүктүү да. Болоор иш болду, боесу канды. Андай кылдык, мындай кылдык бул жол менен багыбыз ачылбады.

Чыны менен мекенибизди жандандыра турган болсок, партия, процент, барьер дегенди токтотуп, округдардан эл ишенген инсандарды ошол аймактардан тандап талапкерликке көрсөтүшсө.

Паракорчулукту колдонуп, эреже бузгандарга катуу жазалоону эскертүү менен көзөмөлдү күчөтүп, эл өкүлдөрүн шайласак, ушул жол эң  адилеттүү болмок!

Мындайга көнбөсөңүздөр, бир элде жок жаңы жолду колдонуп, экономика жагынан да, калыстык жагынан да чыныгы мекенге кызмат кылып, мамлекетибизге таза киреше, жаштарыбызды мекен үчүн тарбиялоо максатта чыгармачылык жол менен кызмат кыла турган аттын кашкасындай таанымал, белгилүү, “Кыргызстан менин жүрөгүм” деген саясатчы инсандарыбыз:

1. Абдырахманов Гыламидин мырза, жазуучу.

2. Акаев Жанар мырза, депутат.

3. Акималиев Жамин мырза, академик.

4. Арстанбек Мыктыбек, аалым.

5. Бакир уулу Турсунбай, мурдагы депутат.

6. Бакыт уулу Азат, кызматчы.

7. Бегим Назира, журналист.

8. Бекешов Бейшенбек, журналист.

9. Бекназаров Азимбек, мурдагы депутат. Малайзиядагы элчи.

10. Бобков Юрий, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

11. Жакупова Чолпон, мурдагы депутат.

12. Жалилов Чубак, аалым.

13. Жапаров Садыр, мурдагы депутат.

14. Жолдошова Жылдызкан, мурдагы депутат.

15. Жумабеков Сабыр, хирург профессор.

16. Жураев Бөрүбай, мурагы депутат.

17. Жээнбеков Асылбек, депутат, мурдагы спикер.

18. Исаков Исмаил, мурдагы депутат.

19. Идинов Кубанычбек, коомдук ишмер.

20. Ишенова Дариха, коомдук ишмер.

21. Кадыров Кубанычбек, коомдук ишмер.

22. Кадырбеков Абдыразак, мурдагы депутат.

23. Карасартова Рита, коомдук ишмер.

24. Касымалиева Аида, депутат.

25. Касымалиева Айзада, телеалыпбаруучу.

26. Казаков Түгөлбай, коомдук ишмер, маданият профессору.

27. Качкынбаев Сейтек, коомдук ишмер,

28. Кожомкулов Орозали, коомдук ишмер – ойчул,

29. Кошалиев Кадыр, коомдук ишмер.

30. Кыязов Эрнис, коомдук ишмер.

31. Мадумаров Адахан, коомдук ишмер, мурдагы депутат.

32. Маликов Кадыр, аалым.

33. Мамазаирова Меңди айым, акын – жазуучу.

34. Молдокасымов Кыяз, тарыхчы, коомдук ишмер.

35. Момбеков Рыскелди. депутат,

36. Мониев Абдувахаб, журналист.

37. Наргозуев Бегалы, мурдагы депутат.

38. Нарматов Абдышүкүр, аалым.

39. Нарын Айып, журналист.

40. Никитенко Наталья, депутат.

41. Раев Султан, коомдук ишмер.

42. Сасыкбаева Асия, мурдагы депутат.

43. Сооронкулова Клара, коомдук ишмер.

44. Сурабалдиева Элвира, депутат ишкер.

45. Султанов Марат, мурдагы депутат.

46. Ташиев Камчыбек, мурдагы депутат,

47. Текебаев Өмүрбек, мурдагы спикер-депутат.

48. Чотонов Өзбек ажы, аалым.

49. Чотонов Дүйшөн, коомдук ишмер.

50. Шер-Нияз Садык, депутат.

51. Шыкмаматов Алмамбет, мурдагы депутат.

Чыгымга түшүп убара болбой эле “Кыргызстаным” деген ушул аты чыккан инсандарга депутаттык мандатты тапшырып иштетип койсок, Жогорку Кеңештин көркүн ачуудан тышкары эл-журтубуз эңсеп келген калыстыкты орнотуп, дүйнө жүзүн таң калтыраар элек.

Президент Сооронбай мырзанын коррупцияга каршы жана адилеттүүлүк үчүн деген саясатын колдоо менен маданиятыбызды, экономикабызды көтөрүүгө кеңири жол ачылып, ынтымакта, улууларды урматтап, көралбастык менен кызганычтан алыс болуп алга карай кадам шилтесек нур заманды курууга бет алмакпыз.

Ушул жолду эл колдосо, элдин тандоосуна жараша талапкерлердин калганын уядан учкан жаш балапан патриоттор менен толуктап, алтымыш депутаттан турган нарламент түзсөк болмок.

Мекендештер! Ой-пикириңиздерди билдириңиздер, жазыңыздар.

Караш Насер

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: