Menu

Тажикстанда күйөөсүнүн туугандарын ууланткан аял 18 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хатлон облустук соту Паянж районунун жашоочусу Махпора Хикматованы 18 жылга эркинен ажыратты. Тергөө материалдарына караганда, 39 жаштагы аял кеминде төрт жолу тамакка уу себүү менен күйөөсүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүүгө аракет жасаган.

Натыйжада эки киши мерт болуп, 38ден ашууну катуу ууланган. Бул окуя тууралуу маалыматты тажик ММКлары 2017-жылы жарыялашкан.

Мамлекеттик айыптоочу аны 25 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Махпора Хикматова “кылмышка даярдануу” жана “киши өлтүрүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүм январдын башында чыккан жана Жогорку сот аны өзгөртүүсүз калтырды.

Хатлон облусунун прокурору Насрулло Махмудзода 23-январда билдиргендей, аял күйөөсүнүн туугандарын өлтүрүп, үйгө ээлик кылууну көздөгөн. Бул үчүн ал нандын камырына уу кошуп турган.

Соттолгон аялдын туугандары айыптоолорду четке кагышууда. Алар Махпорага жалган жалаа жабылганын, төрт баласы апасыз калганын билдиришүүдө.

Махпора Хикматованын күйөөсү төрт жыл мурун өз жанын кыйган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: