Menu

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Ө. Текебаев Сузак жана Базар-Коргон айылдарына областык маанидеги шаарлар статусун ыйгарууну демилгеледи

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Ө. Текебаев Сузак жана Базар-Коргон айылдарына областык маанидеги шаарлар статусун ыйгарууну демилгеледи. Бул тууралу “Ата Мекен” партиясынын
басма сөз кызматы билдирет.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Жалал-Абад-областындагы Сузак жана Базар-Коргон айылдарына областык маанидеги шаар статусун берүү боюнча мыйзамды иштеп чыгып, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинтин кароосуна киргизүүнү суранган катын жолдоду.

«2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү маанилүү милдет болуп эсептелет. Аймактарды өнүктүрүүдө административдик-территориалдык бирдиктердин мүдөөсүнө, жергидиктүү өзгөчөлүктөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана башка факторлоруна ылайык укуктук статусун эффективдүү анынтоо чоң мааниге ээ.

“Кыргыз Республикасынын административдик-территориалдык түзүлүшү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Сузак жана Базар-Коргон айылдары толугу менен областык маанидеги шаарлар категориясына дал келет.

Сузак айылында 26,9 миң граждан жашайт, 5 мектеп үч балдар бакчасы жайгашкан. Бир райондук оорукана бар. Айылда үч акционердик коом, 5 тигүү цехи, 18ден ашык техникалык тейлөөс станциялары жана башка чарба жүргүзүүчү субьектер ишмердигин жүргүзөт.

Базар-Коргон айылында 34,2 миң граждан жашайт, 8 мектеп, 10 балдар бакчасы бар. Айылда эки оорукана, 4 поликлиника, 44 аптекалык пункттар жайгашкан. Базар-Коргондо эки маданият үйү, бир спорт стадиону жана башка инфраструктуралык имараттар бар.
Сузак жана Базар-Коргон айылдары социалдык- экономикалык, билим берүү, маданий жана демографиялык көрсөткүчтөр боюнча буга чейин областык маанидеги шаар статусун алган Токтогул, Кадамжай же Кайыңдыга салыштырмалуу алдыңкы орундарда турат. Азыр Токтогулда 19 миң калк жашайт, Кадамжайда жашаган калктын саны 13,1 миңди түзөт, Кайыңдыда 9 миңден ашпаган калк жашайт.

Жогорудагылардын негизинде “Кыргыз Республикасынын административдик-территориалдык түзүлүшү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, республиканын региондорундагы административдик-аймактык түзүлүштү иретке келтирүү, ошондой эле мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын эффективдүү жүзөгө ашыруу үчүн Сузак жана Базар-Коргон айылдарын областык маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүңүздү суранам” деп айтылган катта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: