Menu

Сокулукта 3 жигит азык-түлүк дүкөнүн тоноого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Сокулук районунда дүкөндү тоноого шектелип үч бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, буга чейин Сокулук РИИБне 39 жаштагы М.О. аттуу тургун арыз менен кайрылып, 27-декабрдан 28-декабрга караган түнү азык-түлүк дүкөнү тонолуп, аны менен кошо телефону уурдалганын айтып, ууруларга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КРнын Жазык коддексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында уурулукка шектүү катары Бишкек шаарынын тургундары кармалган. Алар: 22 жаштагы О.Б., 21 жаштагы М.Н. жана 25 жаштагы Т.Б. Кармалгандар Сокулук РИИБне жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: