Бүгүн, 29-декабрда Сөз эркиндигин коргоо комитетинин аткаруучу директору Адил Турдукулов КР Жогорку сотунун алдында бийлик тарабынан куугунтукка алынган журналисттерге жардам иретинде акча жыйноо акциясын өткөрдү. Бул акцияны өткөрүүгө милиция каршы чыкканына карабай Турдукулов Кыргызстанда сөз эркиндигин басмырлоо күчөп жаткандыгына коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракетин жасады.
Адил Турдукулов бул акцияны ушул жуманын башында социалдык тармактарда баштап, Элсом электрондук капчыгын ачкан: 0555750882.
Натыйжада бүгүнкү күнгө чейин ал капчыкта 20 миң сом акча жыйналды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ