Menu

Оренбургдан Бишкекке кыргызстандыктар жеткирилүүдө

Бөлүшүү:

Орусиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен 20 автобус 6-июлда Бишкекке келди. Бул автобустар менен 963 кыргызстандык жаран мекенине келди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, дагы 12 автобустан турган колонна Казакстанда келе жатат. Ал автобустарда 533 кыргызстандык бар. Колоннаны Казакстандын полициясы коштоп келатат.

Маалыматка ылайык, Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында Кыргызстанга келе албай турган элди кайтаруу тууралуу Казакстандын бийлиги менен коридор ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

ТИМ Орусияда жүргөн кыргызстандыктарды орус-казак чек арасы ачылмайынча ал жакка барбоого үндөөдө.

Маалыматта: «Чек арада кыргызстандыктардын топтолушунун алдын алыш үчүн атайын Москвадан, Новосибирскиден жана Екатеринбургдан чартердик каттамдарды көбөйттүк» деп жазылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, ушуну менен пандемия жарыялангандан бери Орусиядан Кыргызстандын жарандары 60ка жакын чартердик учак жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 40 автобус менен келди.

6-июлга карата Орусиядан жалпы 14 миңден ашуун адам Кыргызстанга алынып келген.

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарды мекенине жеткириш үчүн Москва-Бишкек, Москва-Ош багытындагы чартердик каттамдарды жумасына эки ирет жүргүзүүгө жана Орусиянын башка шаарларынан да кыргызстандыктарды алып кетиш үчүн чартердик каттамдарды уюштурууга аракеттер көрүлүп жатканын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: