Menu

Президенттик аппарат итке калпак кийгизгендерге өз баасын берет

Бөлүшүү:

Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди. Ал бир катар депутаттардан итке калпак кийгизген окуяга нааразы пикирлер түшүп, маселе социалдык түйүндөрдө да катуу талкууланып жатканын кошумчалады.

– Баш кийимди ар бир улут сыйласа керек. Кыргыз дагы кыргыз болуп жаралгандан бери башынан түшүрбөй кийип келе жатат. Факты боюнча биздин аппарат дагы өзүнчө карап, баа берет деген ойдомун,- деди ал.

Буга чейин бир нече активист Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүп, итке калпак кийгизгендерге чара колдонуу боюнча президентке кайрылуу жолдошорун билдиришкен.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Икрамов көргөзмөдө катышуучулардын бири өз итине калпак кийгизип, улуттун ар-намысын тебелегени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айткан.

– Итине калпак кийгизгендер кечирим сураганына карабай катуу чара көрүш керек. Бул үчүн өкмөттүн өкүлүнө кайрылам, катуу чара көргүлө.

Итке калпак кийгизилгени Интернетке тараган сүрөт “Бишкек-Парк” борборунда өткөн “Dog’s Fashion Show 2018” аттуу иттердин мода көргөзмөсүндө тартылган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары муну сынга алышкан. Уюштуруучулар катышуучулардын костюмдарына жооп бербей турганын айтып, “бул жөн гана сынак” деген жооп кайтарышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: