Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-сентябрда түнкү саат 23:00 чамасында Күрөңкеев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус”, “Тойота Королла” жана “БМВ” унаалары кагылышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркады. Алар ооруканага жеткирилген.
Жол кырсыгы боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ