Menu

Дастан Бекешов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Коомдук жайга түкүрүп жаткандарды уяткарып, жоопкерчиликке тартсак”

Бөлүшүү:

Жаңы жылдан тартып жол эрежесин бузгандарга жана коомдук жайларда түкүргөндөргө коюлган айып пулдар боюнча коомчулукта нааразы пикирлер көп айтылууда. 1-январдан тарта күчүнө кирген мыйзамдардын ичинде жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айып пулдун өлчөмү бир нече эсе көбөйгөн. Андан тышкары, коомдук жайларда түкүргөндөргө 5500 сом айып пул каралган. Нааразы болгон жарандар бийликти тилдеп, ар кандай шакаба видеолорду тартып таратышууда. Кодекстеги жаңы өзгөрүүлөргө нааразы болгондор андагы айып пулдарга элдин орточо айлык акысы туура келбей турганын, коомчулук буга моралдык жактан да, материалдык жактан да даяр эмес болуп жатканын жүйө келтиришет. Айрым саясатчылар «айып пулдар боюнча нааразылыктарды бийлик өкмөт башчыны кызматтан алып басат» деп чьпъппты. Ал эми өкмөт башчы Абылгазиев «түкүрүк боюнча айып пулдун суммасын кайра карап чыгыш керек» дейт.

Көпчүлүктү нааразы кылып жаткан түкүрүктү мыйзамдаштыруу сунушун депутат Дастан Бекешов киргизген. Бирок ал айып пулдун суммасын башкалар аныктаганын, аны кайра карап чыкпаса, нааразылыктар курчуй берерин белгилейт.

– Дастан мырза, жаңы жылдан тартып күчүнө кирген жаңы эрежелер коомчулукта нааразылыктарды жаратып жатат. Кодекстерди кимдер иштеп чыккан, жумушчу топко депутаттардан кимдер кирген?

– Өткөн жылда бир топ кодекстер иштелип чыккан. Президенттин буйругу менен президенттик аппарат эксперттик жумушчу топ түзүп, ага юристтер, илимдин кишилери, депутаттар кирген. Мен ал топко кирген.

– Айып пулдардын суммасы туура белгиленген деп ойлойсузбу?

– Айрымдары туура, айрымдары ашыкча кеткен, тескерисинче, аз айып пул чегерилген учурлар деле бар. Ушундан улам, нааразылыктар чыгып жатат. Мисалы, мас абалында унаа айдагандарга мурун 20 миң сом айып пул каралса, азыр 17500 сом болуп азайды. Улуттук банк лицензиясыз иштеген акча алмаштыруу жайларына мурун 100 миң сом айып пул салса, азыр аларга 17500 сом салынмай болду. Ал эми коопсуздук курун тагынбагандар мурун 300 сом айып пул төлөшсө, азыр миң сом. Коомдук жайларга түкүргөндөр 5500 сом айып пул төлөшөт… Айтор, чалды-куйду кылып салышты.

– Түкүрүктү мыйзамдаштыруу дүйнөлүк практикада барбы? Мыйзамга ушундай белгилөөнүн өзүнө кандай карайсыз?

– Кечиресиз, сийип-чычуу, таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерлерге таштоо бейбаштыкка кирет. Мунун баарына айып пул каралган. Ал эми түкүрүктү белгилөө мындай болуп калды: коомдук жайларга түкүрүп, тазалыкты булгап, маданиятсыз жүрүм-турумдар күчөп кетти. Аларга жоопкерчилик жок болчу. Сингапурда, Европанын бир топ өлкөлөрүндө коомдук жайларга түкүгөндөр айып пул төлөшөт. Албетте, аларда айып пулду төлөө системасы башкача иштелип чыккан. Биз да бара-бара ага өтүшүбүз керек. Дегинкиси, биз «коомдук жайда өзүн үлгүлүү алып жүрүшөт экен» деген түшүнүктү пайда кылышыбыз керек да. Ошого ата-энелер балдарына үйрөтүп, тыйып, түкүрүнүү жаман адат экенин айтып тарбиялашы зарыл.

– Соцтармактарда түкүрүүнүн айып пулун сындап, алтургай шакабага алышып, мэмге айланып кетти. Бара-бара эл кабыл алабы же нааразылык улам ырбап отурабы?

– Тилекке каршы, какшыктап, шакаба кылышып, дал коомдук жайларга барып түкүрүп жаткандар болуп жатат. Жаның кейийт. Бул жеткен бейбаштык. Киши өлтүрүп, «мындай кылалы» десе, эл аны ээр-чий бермек беле? Чагым кылгандардын уяттарын чыгарып, жоопко тартып, үлгү кылыш керек.

– Мыйзам ушул бойдон калса, нааразылык күчөп, аягы көтөрүлүшкө чейин жетпейби? Же мыйзамды кайра кайтарыш керек деп ойлойсузбу?

– Азырынча көйгөй жок. Талкуу гана болуп жатат. Мыйзам иштеп баштаганынан бери 8-9 күн өттү. Азырынча түкүрүк боюнча эч кимге айып пул салынган жок. Миңдеген кишиге айып пул салынса, анда революция болуп кетмек. Коом да көнүп, проблеманы жоюуга көмөк кылыш керек. Талкуу учурунда көптөр түшүнө баштады. Мыйзамды кайра кайтаруунун зарылдыгы жок. Кайтарса, мамлекеттин, бийликтин күчү кайда калат? Хаос болуп кетпейби. Карап чыгып, айып пулдун суммасын азайтыш керек, менимче.

– Түкүрүк боюнча сунушту сиз киргизгениңиз айтылып жүрөт…

– Ооба, түкүрүк боюнча сунушту мен киргизгем. Мен жаңы кодекстерге жалпысьшан 14 сунуш киргиздим эле, көбү өткөн жок.

– Анда түкүргөндөр үчүн 5500 сом айып пул салуу керектигин да сиз сунуштадыңыз деп түшүнсөк болобу?

– Жок, мен түкүрүк боюнча мындай киргизген эмес элем, мен башкача жазгам. Негизинен идея меники, бирок айып пулдун өлчөмүн мен аныктаган жокмун. Комитетте депутаттар карашкан. Мен, тескерисинче, «айып пул көп болуп калды, карайлы» дегем. Президенттик аппарат щаштырып, эми мына ката болуп жатат.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: