Бүгүн, 24-апрелге карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 656 адамга жетти. Алардын ичинен 354ү аял кишилер, 302си эркек кишилер. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 75 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 4 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 18 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 179 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 239 адам;
– 56 жаштан өйдө – 145 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ