Menu

КСДП кыйындары калчылдашты

Бөлүшүү:

Конституциянын ыры санаалаштарды мышык-чычкан ойнотуп, көп чырдын башы боло турган болду. Атамбаев менен Текебаев да Баш мыйзамдын чыры менен эки жээкке бөлүнүп калды. “Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” делген сөз бүгүнкүнүн тили менен айтканда “Конституция ыры эки лидердин чыры” болуп өзгөрдү. Эки лидердин кимисине жан тартышты билбеген депутаттарга эле кыйын болду.

Текебаевдин айтканы чындык, документтер менен айтып жатпайбы деп айтайын десе, ажонун талуу жерине тийип алып, каарына калгандан чоочулашса, бийлик Текебаевди туура эле күнөөлөп жатат, жасаган ишине жооп бериши керек дейин десе, президентти аябаган адам бизди аяй беле, артыбыздагы калбырды эртең эле калдыратып алып чыгып койсо уят болобуз деп үн катууга дараметтери жетпей шүк олтурат. Конституциянын өзгөрүшүнө демилгечилердин бири болуп, ал жөнүндө трибунадан баяндама жасап, кийин каршы пикирин айткан Канат Исаев азыр “эл душманы аталып кулакка тартылып жатпайбы. “КТРК Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыккандарды бир жактуу каралап жатат, эки жакты бирдей чагылдырыш керек, өнүгөлү десек Акаев, Бакиев тоскоолдук кылып жатабы? 2010-жылдан бери кандай өзгөрүү болду? Экономикабыз дүркүрөп кеттикпи?” деп айтып салган Жанар Акаев “балашка” деген атка конуп, үйүрү жээриген абалда калды.

Башка партиялардан биримдигибиз менен айырмаланабыз деп мактанган КСДП деле ичинен ирип жатканын кечээ ачык көрсөттү. “Ата-Мекендин” үч депутатын күнөөлөгөн Белизден келген документтер тууралуу УКМК төрагасы менен Башкы прокурорду чакырып, маалымат угулганда КСДП ич ара кырыла жаздады. Капталдан чыга калып, оңтою келбесе деле опурула берген Кожобек Рыспаев деген ксдпчы депутат фракциялашы Жанар Акаевди жаш баланы сүзүп койсом тил ката албайт деп ойлоду окшойт, жаш баладан “мен эмоцияга алдырбай эле жооп берип коёюн, саясатчы болгондон кийин баарына чыдаш керек” деген жоопту укту. Бул сөз Кожобекти мууздаганга тете болду да. Ойду-тоону сүйлөп опурула бербей, чыдамдуу болбойсуңбу деген сөзгө тете болуп жатпайбы. Рыспаев “Мен Афганистанда чыдагам, сендей кезимде мен далай нерсеге чыдап ушуга келгем, менин чыдамдуулугумду сиз талдай албайсыз, биринчи мен өткөн жолдорду өтүп, анан чыдамдуулугуңузду айтып жүрүңүз” деп чычалады. Бул экөөсүнүн алым сабагы парламентте болуп келген окуялардын бири дейин десең, ксдпчылардын тиреши андан бетер күч алып, ыркы кетип жатканын айгинеледи. Фракция лидери Иса Өмүркуловго төрага Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата-Мекендин” депутаттарына кайра-кайра сөз берип жатканы жага бербей, чыдамы кетти окшойт “Бүгүн биз регламентти унуттук. Эмоциябыз дагы бүгүнкү күн тартибинен да өйдөлөп кетти. Залдын температурасы да аябай көтөрүлүп жатат окшойт. Бүгүн чыныгы шоу болуп жатат. Урматтуу Чыныбай Акунович, адилеттүү болуш үчүн изге түшөлү, ушуну аяктасак. Бүткөндөн кийин эмне чечим кабыл алабыз? Регламентти так кармап, ушул шоуну аяктасак” деп төрага Чыныбай Турсунбековго бир тийди. Чыныбай Акунович “Ырахмат Иса Шейшенкулович. Биз сизден үйрөнүп жатабыз. Мен жокто бул жерге олтуруп калган кезиңизде депутаттардын баарына айтасыз “Мен Чыныбай Акунович эмесмин, каалашыңарча сөз берем” деп. Мен каалашыңарча сөз берген жокмун, регламенттин негизинде берип атам. Маселенин ортосунда аты аталып калып жаткандар чыгып жатса беришим керек да. Депутаттар жөнүндө сөз болуп жатса, алар өздөрүнүн намысын коргош үчүн чыгып жатса сөз беришим керек да. Же эмне сиздин оюңузча алып барышым керекпи! Андай болбойт! Иса Шейшенкулович, сиз “Мен Чыныбай Акуновичке окшоп чектебейм” деген сөздү сиз айтып келатасыз” деп КСДП фракциясынын лидерин уят кылды. Кайрадан сөз алган Иса Өмүркулов “Сиздин кенен сөз берип жатканыңызды айтып жатам. Сизди жамандаган жокмун. Анан тийишмей жок да” деди. Төрага менен фракция лидеринин кайым айтышы жөн жерден чыкпайт. Төрагага да себепсиз сайыла бербейт. Ушул жерден эле бийликтин партиясы бир муштум болбой калганын аңдаса болот.

Чыныбай Акунович өзү сүйлөп алайын дегенине карабай, залда КСДПнын лөктөрүнүн бири Төрөбай Зулпукаров кыйкырып туруп алып, төраганы сөз бергенге аргасыз кылды. Микрофон жанганда “Урматтуу Чыныбай Акунович, депутаттын сөзүнө комментарий бергенге сиздин акыңыз жок! Биринчиден, экинчиден суроого депутаттын эки жолу бергенге укугу бар. Регламенттин талаптарын айтып жатса, сиз акыл үйрөттү деп жатасыз. Мен сизге жеңилирээк болсун деп атам. Ошондуктан регламенттин талабы менен алып кетиңиз. Маалыматты уктук, суроо-жооп кылдык. Эми токтом кабыл аласызбы? Сизге сый болсо, урматтап койсо көөп кетпеңиз! Микрофонду каалаган учурда эле жандырсаңыз өзүңүздү хан сезип калдыңызбы! Андай болбойт! Процедурный сөздү бербей жатканыңыз өзүм билемдик болуп эсептелет. Сиз эгерде үч жолу регламентти буза турган болсоңуз, Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу биз алып баруучуну алмаштырып койгонго укугубуз бар!” деп төраганы алка-жакадан алды. Эмне Чыныбай Турсунбековдун жыйынды алып барганы, Текебаевге каалаганча мүмкүндүк берип, КСДПнын “атасын” боктогонго шарт түзүп берип жатканы фракциялаштарына жакпай жатабы? Жакынкы күндөрү төрага алмашат, аны КСДП алмаштырат деген сөз турмуш чындыгына ашканы калдыбы?

Темирлан ТОКТОБОЛОТОВ

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: