Menu

Ырчы Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда ырчы, актриса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жазып чыкты.

“Менин чыгармачылыгымдагы дагы бир жетишкендик. Ырчылардын арасынан биринчилерден болуп “Күмүш баскычты” алып жатам. Менин күйөрмандарыма жана колдоочуларыма рахмат”, – деп жазган ал.

Мындан тышкары ал, азырынча “Күмүш баскычтын” сүрөтү гана жиберилгендигин, ал эми өзү жакынкы арада тапшырыларын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Самара Каримова “Инстаграм” социалдык тармагындагы миллион жазылуучусу бар биринчи кыргызстандык болгон. Мындан тышкары, ырчы 24-октябрда Ош мамлекеттик музыкалык мектептин директору болуп дайындалып, 1-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул тууралуу чечимди жокко чыгарган. Мындан мурда ал “Сулайман-Тоо” музейине директор болуп дайындалып, социалдык тармактардагы сын-пикирлердин натыйжасында өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: