Түркияда мигранттар кабылган жол кырсыгында көз жумгандардын саны 22 кишиге жетти. Көз жумгандардын арасында жаш балдар да бар. Мындан тышкары 13 киши жараат алган. Алар жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги маалымдады.
Эскерте кетсек, мигранттар мыйзамсыз түрдө жүк ташуучу машинеде бараткан. Айдоочу белгисиз себептерден улам машинени башкара албай калган. Алар Измир облусунун Мендерс районундагы Дегирменчай суусуна кулап кеткен. Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ