Menu

Жалал-Абадда башпаанексиз адамдарга түнөк үйү ачылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарнын мэриясынын алдындагы “Кайрымдуулук” борбору тарабынан жашаган жери жок отуз адамга түнөк үйү ачылды жана ишин баштады. Эми туруктуу жашаган жери жок отуз адам күз-кыштын суугунда көчөдө калбайт жана социалдык ыңгайлуулуктар, тамак-аш менен камсыз болот. Андагы түзүлгөн шарттар менен шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева таанышып, түзүлгөн шарттарды дагы да жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Тайырбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, кыш жакындап, суук түшө баштаган сайын шаардагы туруктуу жашаган жери жок, жардамга муктаж болгон жарандардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү жана аларды кышкы сууктан жазга чейин аман-эсен алып чыгуу максатында түнөк  үйү  ачылып отурат.

-Шаардагы “Кайрымдуулук” борбору шаардагы жашоо шарты оор болгон 60 адамды карамагына алып, аларга күнүнө бир маал ысык тамак жана керек болгон медициналык, турмуш-тиричилик жактан жардамдарды берип келет. Ал эми Кайрымдуулук борборунун тизмесине алынган, туруктуу жашаган жери жок отуз адамга аларды кышкы сууктан аман алып чыгуу максатында төрт жылдан бери кышкы түнөк үйү ачылып, беш ай бою алар күнүнө бир маал ысык тамак, жумасына бир жолу мончо жана керектелүүчү гигиеналык каражаттар жана зарылдыктары менен да камсыз кылынып келатат, – дейт Т. Чойбеков.

Ал вице-мэр Айзат Раматтиллаеванын айтымында, Кайрымдуулук борбору тарабынан ачылган түнөк үйүнө жергиликтүү бийлик  90  миң сом акча каражатын бөлгөн.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: