Ырчы Бегимай Бекбоева апасынан кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
“Дүйнөнү аябай кең деп ойлочумун, бирок апамдын кучагынан кичине экен. Жаным апам менин билип-билбей кетирген, балалык кылып сизге капа болгон күндөрүмдү, көңүлүңүздү оорутуп алган болсом кечириңиз. Мен сизди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн чексиз жакшы көрөм. Бейиш эненин таманында экенин толук түшүндүм” – деди Бекбоева.
Эскерте кетсек, буга чейин эне менен кыздын ортосунда таарынычтар болуп келген. Инстаграм баракчасындагы катталуучулар бул туурасында ой-пикирлерди калтырышууда.
“Кеч болсо дагы катаңызды түшүнүп, кечирим сураганыңыз жакшы болду. Мен сизден ушундай пост жазат деп ишенип, көптөн бери күтүп жүргөм. Энелерди капа кылбайлычы” – деди катталуучуу.
https://www.instagram.com/p/CDV5pmbjbQ6/?igshid=9k9cvozjisot
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ