Абдес Анарбеков Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды, ошондо эле ага аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруу тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Абдес Анарбеков Бишкек мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусун жетектегенден кийин Анарбековду өзү менен ала кеткен. Ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башчысы болуп дайындалган.
Бишкек мэриясынын аппаратынын убактылуу жетекчиси Адилет Малдыбаев кайрадан мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана каржы бөлүмүн жетектейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ