Menu

Каримовдун небереси: Менин энемди Ташкентте үй камагында кармашууда

Бөлүшүү:

Гүлнара Каримованын уулу Ислам чоң атасы өлгөндөн кийин дээрлик үч ай өткөн соң Би-Би-Синин өзбек кызматына маек берип, апасынын тирүү экенин айтты.

Кенже Ислам Каримовдун айтымында, апасы атайын кызматтын көзөмөлү астында Ташкентте үй камагында жатат.

Өзбекстандын мурдагы президентинин небереси Гүлнара Каримова чет өлкөгө чыгып кетти же Ташкентте ээн-эркин жүрөт деген айың кептерди четке какты.

“Менин апамды үй камагында кармаган адамдарды чоң атам дайындап кеткен”,-деди ал. Айтымында, алар Гүлнаранын боштулушуна кызыктар эмес, себеби апасы эркиндикке чыкса алар көп суроолорго жооп берип калышы мүмкүн. Тилекке каршы, соболдорго жоопту эч ким бере албайт.

Азыр Лондондо жашап жаткан Каримовдун небереси апасы менен анын сиңдиси Лоланын ортосунда атаандаштык бар экенин да айткан. Бул үчүн ал чоң атасын күнөөлөйт.

«Башында апам менен таежемдин мамилеси жакшы болчу. Алардын ортосунда чыккан ажырымга чоң атам күнөөлүү. Менин апам математикалык мектепти алтын медаль менен бүтүргөн, башкача айтканда чоң атамдын жолун жолдогон. Ал спорт менен машыккан, атүгүл кара куру дагы бар. Карьерасын баштаган. Кандай иш болбосун, таежем анын артында жүрчү. Чоң атам “эмне үчүн эжеңди тарткан эмессиң” деп Лолага көп айтчу. Кандай болбосун Лола менин апам менен атаандаша алган жок. Азыр мунун баары биздин үй-бүлөгө терс таасирин тийгизүүдө», – деди кенже Ислам Каримов.

Буга чейин Гүлнара Каримованын ууландырып өлтүрүлгөндүгү туурасында айың-кептер чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: