Menu

“Нефтичилер” митингге чыгышты

Бөлүшүү:

21-ноябрь күнү Кочкор-Ата шааарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жалпы кызматкерлери митинге чыгышты. Чогулгандар 2010-жылдан тартып иштеп келе жаткан жетекчи  Жеңиш Жумашовдун кызматтан кетирүү аракеттерге каршы экендиктерин билдиришти. Мындан сырткары бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Ошол эле 2009-2010-жылдары андагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жетекчиси, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов иштеп турган убакытта сатылып алынган нефтини бургалап өндүрүүчү аппарат боюнча, Эхотехинспекциянын Баткен облусунун Лейлек районундагы «Кыргызнефтегаз» иштетип жаткан аймакка талап кылып жаткан салык боюнча пикирин билдиргендер болду.

Аталган ишкананын профсоюздар уюмунун төрагасы Раимкулов Акынбектин айтымында ишкананы «жасалма банкрот» кылгысы келген тараптардын кызыкчылыгы ойноп жатат. Анткени,  Жогорку Соттун «Кыргызнефтегаздын» эсебине чечилген чечиминин үстүнөн кайрадан сотко берилип жатышы сот системасындагы адилетсиздиктин дагы бир мисалы. «Бургалоочу аппарат үчүн 11 млн. доллар сурап жатышат. Биз андан жаңы аппаратты Кытайдан 3 млн. 724 миң долларга алып келдик. Эгер биз экинчи тарап сурап жаткан сумманы төлөсөк биздин ишкананын экономикасы олтуруп калат», – дейт А.Раимкулов.

Митингге чыккандардын дээрлик 90 пайызы «жетекчилик алмашкан күндө да «сырттан» башка киши келбесин, өзүбүздүн кадрлар, чарбаны түшүнгөндөр келсин» деген негизги талабын коюшту.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: