Украинанын чыгышындагы оор жагдайларга байланыштуу Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды декабрга чейин узартат. Бул тууралуу Reuters агенттигине дипломатиялык чөйрөдөгү булактар билдирди.
Чектөө чараларынын убактысы 2017-жылы 5-мартта бүтөт. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, дипломаттар АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин санкцияларды узартуу кыйынга турат деп кооптонушууда. Антиорусиялык санкциялар Американын жаңы президенти үчүн негизги максат болбогондуктан, Кремль бул жагдайдан пайдаланып, Евробиримдиктин бул маселе боюнча бирдиктүү позициясын алсыратуу аракетин көрүшү ыктымал.
Орусияга каршы санкциялар 2014-жылы Украина чыгышындагы жаңжалдагы Москванын ролу жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу киргизилген. Кийинчерээк чектөө чаралары бир нече жолу узартылган. Шайлоо алдындагы кампания учурунда Дональд Трамп Крымды Орусиянын курамында таануу маселесин карай турганын убадалаган. Миллиардердин Орусия президенти Владимир Путинге болгон симпатиясы бир нече жолу сынга алынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ