Мамлекеттик органдар Бишкектеги Тарых музейинен баалуу экспонаттар жоголду деген имиштерди текшерип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кееште билдирди. Бул туурасында ал: “Музейден баалуу экспонаттар жоголду деген имиштер болуп жатат. Биз тиешелүү органдар менен аны текшерип жатабыз. Баарын изилдеп, артка кайтарабыз”, – деп айтты. Жалпысынан Тарых музейинин фондунда 135 миң экспонат, артефакттар, кыргыз элинин кайталангыс маданий жана тарыхый эстеликтери катталган. Буга чейин андагы баалуу экспонаттар жоголду деген маалыматтар чыккан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ