Menu

Ысык-Көлдө 43 жашы жете элек балдар иштеп жаткандыгы аныкталды, алардын бири эң начар шартта иштейт

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда “Өспүрүм-жай” профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгынан.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иш-чарасы 2020-жылдын 11-августунан 14-августуна чейин өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты – иштеп жаткан балдарды, ошондой эле кайыр сурап жаткан балдарды аныктоо.

Рейддин жүрүшүндө 43 жашы жете электер иштеп жаткандыгы аныкталды, алардын бири эң начар шартта иштейт.

Баары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүлүп берилди.

Оор кырдаалда жашаган 3 бала аныкталды. Алар социалдык мекемелерге дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: