Menu

Самаркандда мыйзамсыз алтын чайкоочулар аймактык тескөөчүнү сабап салышты

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун Пахтачы районундагы «Каракутан» кенинде уурдалган алтынды колго жасалган жабдууда майдалап жаткан адамдарды көрүп калган аймактык тескөөчү сабалды.

Маалыматка караганда, окуя 31-майда Пахтачы районундагы «Тома» маалесинде болгон. Жергиликтүү тескөөчү Сардор Маматкулов Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери менен бирге мыйзамсыз электр энергиясын колдонгондорду аныктоо үчүн үйлөрдү кыдырып жүргөн маалда сабалган.

​– Текшерүү маалында жеке үйлөрдүн биринин тургуну эшигин ачуудан баш тартты. Биз алардын электр тегирмендин жардамы менен алтын майдалап жатканын көрдүк. Алар бизди байкап калып, темир союлдар менен кол салышты. Андан кийин качып кетишти, ​– деди тескөөчү.

«Тома» маалесинин тургуну Акбаржон Шомуродов аймактык тескөөчүгө кол салган адамдар мыйзамсыз алтын чайкоочулар экенин билдирди. Анын айтымында, жумушсуздуктун деңгээли жогору болгондуктан, жергиликтүү тургундардын көбү мыйзамсыз алтын иштетүүгө аргасыз болушат.

– Жашоочулардын токсон пайызы бул иш менен алектенишет. Үйлөрдүн көбүндө колго жасалган тегирмендер бар. Алтындын бир граммын 45 доллардан сатышат. Бул тууралуу милиция кызматкерлери дагы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы билишет. Эгер укук коргоо органдарына даттансаң, бул иш боюнча өзүң күнөөлүү болуп чыгасың, – деди ал.

Пахтачы райондук ички иштер бөлүмүнөн иликтөө иштери уланып жатканын айтышып, бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Каракутан» алтын кени атайын күчтөр тарабынан кайтарылат. Бирок буга карабастан алтын чайкоочулар кендин аймагына эч тоскоолдуксуз кирип, мыйзамсыз алтын өндүрүү менен алектенишет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: