Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБге кошулуу алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды, – Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 29-декабрында аталган макулдашууга өзгөтүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлган. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруулардын алдын алуу департаментинин эки лабораториясын жабдуу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ал жумуштарды 2017-жылы бүткөрүү мүмкүн болбогондуктан, бул мөөнөт 2018-жылга жылдырылууда.
Ошондой эле, Россиянын Федералдык бажы кызматынын сунушуна ылайык, протоколдун долбооруна Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоону техникалык жактан колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтү да узартылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ