12-январь күнү Лейлек районунда мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштер кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, Баткен облусундагы Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында чек арачылар Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүктү алып кирүүгө аракет кылышкан 1988-жылы туулган Э.И. жана 1985-жылы төрөлгөн М.Ч. аттуу жарандарын кармашкан.
Renault Premium үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү маалында чек арачылар тийиштүү документтери жок 19 тонна кургатылган жемиштерди табышкан. Кармалган жүктүн жалпы суммасы 2 миллион сомду түзөт.
Бардык тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган кыргызстандык жарандар Бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ