Сөз эмес бекен?! Бул сөз Сооронбай Жээнбеков үчүн жаралгандай. Бу кишинин бакандай болгон премьер- министр болоорун ким билиптир десеңиз. Эми минтип Атамбаевден кийинки президент болоору тууралуу сөз болуп жатат. Алмазбек Атамбаев эч кимге ишенбестен ушул досуна гана ишеним артып, мураскерлик жаатында Сооронбай досуна токтолуптур. Ошентип ойдо жок жерден ал киши да президент болгону калды. Ош областына губернатор болуп турганда мурдунун суусун тарта албай, Мелис Мырзакматовдон кагуу жеп эле жүрчү. Көрсө, “тийген эри жарашса кара катын ак болот” демекчи, досу президент болсо кара киши деле апакай болуп чыга келет турбайбы. Ал эми жетекчилик сапат, өң-түс деген эч нерсени чечпейт тура. Ошол себептеи айтылган да «бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа” – деп…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ