Menu

Башкы күнөөкөр ким?

Бөлүшүү:

Тарых музейинин ачылышы кыясы дагы кийинкиге жылдырылды окшойт. Декабрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова музей өз ишин 2019-жылдын январь-февраль айларында баштаарын кабарлаган эле. Ошол эле билдирүүсүндө Өкмөттүк чиновник айым козголгон кылмыш иштеринен улам жабдууну ташып келүү токтотулганын жана Тарых музейинин ачылышын макулдашып, укук коргоо органдары менен иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалаган. Ал эми УКМКнын музейди реконструкциялоо фактысы боюнча тергөөсү андагы ошол реконструкциялоо боюнча иш козголгондон жарым жыл өткөндөн соң негизги айыпталуучуну акыры “аныктап” атпайбы. Мекеменин басма сөз кызматы январдын ортосунда билдиргендей, айыпталуучу – күтүлгөндөй эле – Сапар Исаков болуп чыкты.

Эми минтип тергөө органдарынын музей тууралуу козголгон иши кандай иштеп жатканын эске алганда, реконструкциясы чуулганга айланган музейдин эшиги кыргызстандыктар үчүн жакын арада ачылбайт сыягы. Соттук териштирүүлөр узакка
созулганы турат. Себеби, иштин чоо жайын аныктоонун ордуна, аны конкреттүү айыпталуучуга чаптоо аракетин көбүрөөк көргөн тергөө улам мүдүрүлүп, фактыларды бурмалоо менен алек болуп жатканы сезилип эле турат. Мисалы, УКМК реконструкция боюнча финансылык милдеттерди өзүнө алган Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы (ТИКА) менен болгон келишимди бузуу “Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын негизсиз кийлигишүүсүнөн” улам болгон дегенге басым жасоодо. Кыязы, Исаков жана азырынча аттары аталбаган мамчиновниктер кайра карап чыгуудан баш тарткан, ал эми өкмөт ишти тездетүү үчүн реконструкциянын экинчи этабын өз күчү менен ишке ашырууну (музейдин имаратындагы ички курулуш жумушту мөөнөтүнөн мурда аяктоону талап кылышкан имиш. Ошондон кийин түрк тарап жумушту андан ары аткаруудан баш тартып, долбоорду гранттык финансылоону токтоткон делинет.

Чындыгында болсо түрк тарап менен пикир келишпестик иш графиктери макулдашылбагандыктан улам келип чыккан. ТИКА өзү белгилеген мөөнөттү жана жасалгалоо иштери) чечкен. Сапар Исаков ошол учурда президенттин Аппаратынын
башчысы кызматын ээлеп турганын жана өкмөттө иштебегенин белгилей кетүү керек. Демек, бул жерде жоопкерчилик эки өлкөнүн өкмөттөрүндө бирдей жатат, бирок ЖЭБди модернизациялоо менен байланышкан учурдагыдай эле сырткы саясый деңгээлде чечишүүнү ачык эле каалабаган бийлик ыңгайлуу күнөөлүүлөрдү өлкө ичинен табууну артык көрүүдө.

УКМКнын айыптоосунун кезектеги пунктунда “Сапар Исаков 2017-жылы айрым адамдар менен укукка каршы туруктуу байланыш түзүп, КРнын мыйзамдарын бузуу менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрбөй туруп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы музейди жаңылаш үчүн Vitrinen- undGlasbauREIERGmbH немис компаниясын тарткан» деп айтылат. Бирок, КРнын мыйзамдарында мындай учурларда каралгандай, жаңы подрядчикти тендери жок жана мамлекеттик сатып алуу процедураларынан тышкары издөө жөнүндөгү буйрукка ал кездеги премьер-министр Жээнбеков баш болгон өкмөт кол койгон документте бакыйып көрүнүп турат. Алсак, 2017-жылдын 26-апрелинде Жээнбеков кол койгон Өкмөттүн №131-р буйругунда: “Сатып алууларды, жумуштарды жана тейлөөлөрдү ишке ашыруу боюнча сынактык комиссия
КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына ылайык түзүлсүн” деп айтылган.

Түшүнүксүз себептерден улам бир жумадан кийин, 2017-жылдын 2- майында кайра эле Жээнбековдун колу коюлган өкмөттүн №133-р буйругу чыккан жана анда сүйлөм “Музейди долбоорлоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн башкы подряддык уюмдарды аныктоо боюнча мекемелер аралык сынактык комиссия түзүлсүн” делинип өзгөртүлгөн. Мындайча айтканда, буйруктан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү Мыйзамга” шилтеме алынып салынган жана Жээнбековдун өкмөтү комиссияга иш жүзүндө тендер өткөрбөй туруп иштөөгө уруксат берген. Андан тышкары, Жээнбеков кол койгон экинчи буйрукта КРнын Финансы министрлигине “КРнын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба
Мамлекеттик агенттиги берген сметага ылайык акча каражаттарын издеп табуу” жөнүндө пункт камтылган. Бул деген ошол кездеги өкмөт сметаны ошондо эле көрүп, бекиткенин айныксыз далилдеп турат. Башкача айтканда, реконструкцияга байланышкан жаңжал ачык талкууга түшкөндөн кийин абдан жогорулатылган деп аталган суммалар бир кезде өкмөт
тарабынан жактырылган жана бекитилген. Муну Сапар Исаков жетектеген өкмөт эмес, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү бекиткен.

Подрядчы компанияга коюла турган “Vitrinen-undGlasbauREIERGmbH компаниясы тарабынан ташылып келинген жана компания тарабынан колдонулган чыгымдоочу материалдардын (клей, скотчтор, сликон шлангы, мээлейлер, слесардык
балка, бургу, акыр-чикир салынуучу мүшөктөр ж. б.) наркын жогорулатуу КРнын базарларындагы окшош материалдарга салыштырганда 3 миллион 785 миң 600 сомду түзгөн” деген айыптын Сапар Исаковго коюлуп жатканы таптакыр эле акылга сыйбайт. ЖЭБдеги наркы кымбат кытай аттиштери сыяктуу эле тергөө чыгымдоочу материалдардын наркынын жогорулатылышы боюнча немис компаниясы менен териштирүүнү ойлоп да койбойт.

“Мындан улам Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 101 миллион 690 миң 800 сом зыян келтирилген. Музейди реконструкциялоо иштери алиге дейре аягына чыга элек”, – деп жыйынтыктайт УКМК. Бул жерде аталган зыянга реалдуу жоопкер адамдардын аттары дагы эле аталбай жатканын гана кошумчалай кетүү керек. Тергөө жадагалса, жалпыга маалым фактыларды да четке кагуу менен күнөөлүүнү формалдуу түрдө дайындоодон алыс кете албасын эске алганда, андай адамдардын аттары аталбайт дагы.

Күлчоро Кабылов

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: