Menu

Өлкө аймагындагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу эртеңден баштап мектептерге каникул жарыяланат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Улан Примов, Рада Туманбаева, Махабат Мавлянова баштаган депутаттар өлкө аймагындагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу мектептерде каникул жарыялоону демилгелешти. Эл өкүлдөрү мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүүгө байланыштуу жогорудагыдай маселени көрүп чыгышты.

Мындан улам, КР Билим берүү жана илим министрлиги болжолдонуп жаткан катуу сууктан улам 26-январдан 30-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотула тургандыгы боюнча буйрук чыгаргандыгы белгилүү болду. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов тармактык комитет сууктун күчөшүнө байланыштуу республика аймагындагы мектептердеги окуу процессин 2018-жылдын 4-февралына чейин токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыгын маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, сууктун күчү 30 градуска чейин жетерин белгилешкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: