Жогорку Кеңеште “Ломбарддардын иши жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү, – деп Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Демилгечи – Өкмөт. Белгилей кетсек, каржылык жактан муктаждык жаралганда, көпчүлүк жарандар үй-жайын, унааларын, дагы башка баалуу мүлктөрүн күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин аларды кайрый албай калууда. Ошондон улам, күрөөканаларга карыз берүүнүн 60 күндүк мөөнөтүн белгилөө зарылчылыгы келип чыккан.
Мурдагы окуулардын жүрүшүндө айрым депутаттар тарабынан карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жатканын жүйө келтиришип, кардар жарандардын укугун коргоо жаатында тиешелүү чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүү учур талабы экени белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ