КРТКнын эки кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Бишкектеги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдады.
Маалыматтар боюнча, имаратты карантинге жабуу буйругу чыгарылды.
“Дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 3356 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 2021 оорудан айыккан, 40 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ